“Русгидро” ГЭС үлүшүн сатаарын билдирген эмес

“Русгидро” ГЭС үлүшүн сатаарын билдирген эмес

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

“Электр станциялар” ААК баш директорунун орун басары Улан Орозов “Русгидро” компаниясы Жогорку Нарын ГЭС каскад курулушу боюнча үлүшүн сатуу тууралуу Кыргызстанга расмий билдирбегенин бүгүн басма сөз жыйынында белгиледи.

Улан Орозовдун айтуусу боюнча Кыргызстан тарап Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу боюнча сарпталган каражат боюнча эл аралык аудит өткөрүү талабын коюп жатат. “Русгидро”эл аралык аудит жүргүзүү боюнча макулдугун бербей, коротулган каражатты  кайтарып берүүнү талап кылууда.

2012-жылы Кыргызстан менен Россия Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча өкмөттөр аралык келишим кабыл алган. 2016-жылы келишимди  Кыргызстан бир тараптуу жокко чыгарган.  “Русгидро” долбоорго 37 млн доллар короткону тууралуу айтып, Кыргызстан тарапты сотко берип  жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты