Матраимов менен Кулматовдун иши каралат

Матраимов менен Кулматовдун иши каралат

Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов менен экс мэр Кубанычбек Кулматовдун иши бүгүн, 30-октябрда, каралат. Матраимовдуку Бишкек шаар сотунда, Кулматовдуку Жогорку сотто болот.  

Биринчи май райондук соту Матраимовдун 25-июлда мыйзам бузганына далил табылбаганын айтса, Өкмөт ал чечимге нааразылыгын билдирген.

Кулматовго коррупцияга байланыштуу айып коюлуп жана андан кийин экинчи кылмыш иши ачылган.

Экс мэр Кулматов коррупция жана башка беренелер менен айыпталып жатат. Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычбек Кулматовду 28-ноябрга чейин абакта калтыруу боюнча чечим кабыл алган. Кулматовдун жактоочулары аны үй-камагына чыгарууну сурап жатышат

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты