Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба-ырайы

Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба-ырайы

31-октябрда жана 1-2-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт: Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында 31-октябрда жаан жаап, 1-2 ноябрда жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
1-2-ноябрларда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жана Ысык-Көл ойдонунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
1-3-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° суук…+2° жылуу тегерегинде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 3…8° жылуу, Ысык-Көл ойдунунда түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдунун чыгышында жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иллюстрациялык сүрөт

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты