Активист Илгиз Шаменов 20-декабрга чейин камакка алынды

  • 2 года мурун

Москвада кармалган активист Илгиз Шаменов ТИЗО-1ге эки айга камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 29-октябрда Бишкектин Биринич май райондук соту кабыл алды.

Белгилей кетсек, соттук отурум жабык өтүп, ага журналисттер киргизилген жок.

27-октябрда активист Илгиз Шаменов Москвада кармалганы кабарланган.

28-октябрдын таңында Шаменов Фейсбукка аны күч органдары Кыргызстанга алып кетип жатканын айтып, Москвадан Бишкекке чейинки авиабилетин жарыялаган. Ал бийлик мурдагы депутат Орозайым Нарматова экөөнө «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча иш козгоп, эл аралык издөөгө алганын маалымдаган.

Илгиз Шаменов акыркы учурларда соцтүйүндөрдө «Бишкек» эркин экономикалык аймагын жана мекеменин жетекчиси Кудрет Тайчабаровду сындап келген. Ошондой эле Нарындагы Жетим-Тоо кенин иштетүүгө бир нече жолу каршы чыккан.

Август айынын башында Шаменов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берген. Шаменовдун айтымында, атайын кызмат анын коррупция тууралуу айткандары боюнча «Бишкек» эркин экономикалык аймагы менен Айыл чарба министрлигин текшермек болгон.

Кийинчерээк «Азия Молл» соода борборунда жардыруучу зат бар экени айтылып, граната Илгиз Шаменовдун унаасынын алдынан табылган. Бул окуядан кийин активист Орусияга чыгып кеткен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты