190 миң доллар кеткен ibilim.kg сайты иштебей турат. Министрлик кечке чейин иштеп каларын айтат

190 миң доллар кеткен ibilim.kg сайты иштебей турат. Министрлик кечке чейин иштеп каларын айтатБилим берүү жана илим министирлиги тарабынан түзүлгөн ibilim.kg сайты иштебей жатканын колдонуучулар айтып чыгышты. Аталган сайттын түзүлүшүнө 190 миң доллар керектелген. Министрликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, ресурстарды которууда техникалык тоскоолдуктар пайда болгондугуна байланыштуу сайт иштебей калган. Бүгүн которуу иштери аягына чыгарылып, сайт ишке киргизилет.

Кошумчалай кетсек, аталган сайт Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылган. Анда математика, кыргыз, орус жана англис тилдеринде, көркөм өнөр, музыка, табият таануу жөнүндө маалыматтар жайгаштырылмак.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты