Искендер Матраимов, ЖК депутаты: «Уй саап, тандырга нан жапкан учурларым болгон»

Искендер Матраимов, ЖК депутаты: «Уй саап, тандырга нан жапкан учурларым болгон»

КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов бала чагындагы жоруктары, ата-эне, үй-бүлөсү тууралуу ачык маек курду.

“Ата-энемдин салымы”
—Ата-энем карапайым үй-бүлө болгонуна карабай 8 баласын эч  нерседен кем кылбастан баарын эрезеге жеткирип, билим берди. Атам өмүр бою мал чарбасынын башчысы, апам саанчы болуп эмгектенген. Ата-энем бизди жакшы ийгиликтерге жетишсин деп болгон мүмкүнчүлүгүн  жумшап, катуу көзөмөлгө алчу. Баарыбыз мектепти жакшы окуп бүтүрдүк. Кокус эки алып келсек, отургучту көтөртүп бурчка 2 саат тургузуп коер эле. Апам окубаса да өтө акылдуу адам болгон, 8 бир тууганыбызга 8 түрдүү мамиле жасап, ар бирибиздин кыялыбызды калыптандырды. Бүгүнкү күнгө чейин атамдын аткарылбай калган максаттарын орундатып, жашоодон өз ордубузду тапканга аракет кылып келебиз. Ошолордун тарбиясынын натыйжасында бир туугандарымдын баары жакшы кызматтарда эмгектенишет.

Атамдан эрте айрылып, инилериме ата болдум
— Тилекке каршы, атам 58 жаш курагында каза болуп калды. Отуз үч  жашымда атамдын рак менен ооруп калганын угуп, 10 жылга картайгандай болгом. Анткени сүйөнөөр кишибиз  өтүп кетсе инилерим жаш, жашообуз кандай болот, кантип жерге беребиз деген ой мени курчап алган эле. Атамдан кийинки эркек катары бардык жоопкерчиликти сезип, кооптондум. Анын оорусу тууралуу эч кимге айтпай жүрдүм, жада калса атам өзү да билчү эмес,  бир жыл бою өзүмдү жеп жүрдүм. Атамды ойлоп машинада баратсам да, көчөдө баратсам да ыйлайм. Бир күнү ыйлаганымды туугандарым көрүп алып, апама айтканга мажбур болгом. Ошентип,  атам союз тарап, жашоо үчүн күрөш башталган учурда мен 35 жашымда тиги дүйнөгө кете берди. Ошондо белимди бекем бууп, инилериме ата ордуна ата болуп, колумдан келишинче каралаша баштадым. Базар экономикасынын жанданышы менен алып сатуу  менен алектенип отуруп, бизнеске аралашып кеттик. Атам каза болгондон кийин туулган бир туугандарымдын балдары мени ата  деп калышкан. Бир туугандар бири-бирибизди аябай катуу сыйлап турабыз. Депутат болуума да бир туугандарымдын кошкон салымы чоң.

Бала кезимди сагынам
— Жаш кезимде атамды тартып зоотехник болгум келчү. Техникумду да, институтту да ошол кесип боюнча бүткөм. Кийин бир жылча чарбада  иштеп, райондогу айыл чарба башкармасына зоотехник болуп кеттим. Ал жерде төрт жыл иштеген соң райондук комсомол комитетине инструктор болуп, кийин обкомдун уюштуруу бөлүмүндө иштегем. Кесип боюнча иштебей партиялык жумушка кетип, союз тарагандан кийин жашоо үчүн аракеттер башталган. Жаштыктын ызылдашып ойногон, кышында балдар менен хоккей ойногон күндөрүмдү сагынам. Биздин райондо пахта көп эгилчү, кээде кадимкидей  пахта талаасын, бирге көчө чаңытып ойноп жүргөн классташтарымды сагынам.

Кышында апамдан  жыңайлак качыпИскендер Матраимов, ЖК депутаты: «Уй саап, тандырга нан жапкан учурларым болгон»
— Бир күнү кышында апам эртең менен эрте эжем экөөбүздү тургузуп, бир көчө нары жайгашкан таенемдин үйүнө сүткө жөнөтүп калды. Бизди көргөн  таенем аяп, балдарды эрте тургузуп алган го деп уктатып койду. Эжем экөөбүз уктап жатсак апам келип калыптыр, бизди катуу урушуп жатат. Тура калып жыңайлак үйдү көздөй качып жөнөдүк. Биздин үй менен таенемдин үйүнүн аралыгы 600 метрдей болсо керек. Кышында үйгө кар кечип чуркап барганбыз. Ошол күндү эстеп алып күлүп алам.

Үй жыйнап, тандырга нан жапчумун
— Апам ушунчалык тазалыкты сүйгөн жан эле, үй таза болбосо отургузбай, чай берчү эмес. Баарыбызды тазалыкка үйрөттү. Үй жыйнап шыпырып, тандырга от жагып, нан жапкан учурлар болгон. Уй саачубуз. Апам турмуш шартка байланыштуу айылда калып, мен атам менен жайлоого чыгып кетчүмүн. Бир күндө 10 уйду саачумун. Айылда эмне жумуш болсо баары колумдан келет. Өзүм да  тазалыкты абдан сүйөм. Үй чачылып калса өзүм жыйнабасам да кызым менен урушуп-талашып, жубайым үчөөбүз баш болуп жыйнайбыз.

Байпактарымды өзүм жууп алам
— Бул турмушта ар кандай шарттар болуп калат. Мен депутат болуп келгенде апам ооруп калып, Ошто үй-бүлөм менен калды, мен болсо шаарда кичине балам менен жашап калдым. Ошол учурда байпактарымды өзүм эле жууп алчумун. Анткени айылда бардык нерсени кылып чоңойгонбуз да.

“Балдарымдын ыймандуу болушун тилейм”
— Эки уул, эки кызды тарбиялап өстүрдүк. Жубайым кесиби боюнча мугалим, азыр үй кожейкеси. Жубайым экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 31-августта 31 жыл болду. Алты неберенин чоң атасымын. Балдарымдын кайсы тармакта, кайсы кесип менен иштебесин ыймандуу болушун тилеп келем. Ашынып эле элден өзгөчөлөнүп баратса саясатка аралашуусуна да каршы эмесмин. Улуу балам Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча жетекчи.

Дагы да эл їчїн иштегим келет
—Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, өзүмдүн районума бир топ иштерди жасап келдим десем болот. Учурда бир иним районду 5 жылдан бери башкарып, районго бир топ өзгөчөлүктөрдү алып келдик. Дагы да болсо жакшы иштерди жасайын десең күчүң жетпейт экен. Райондук деңгээлдеги маселе чечилгени менен жогорку маселе чечилбей калат. Мисалы, мектеп, жол, бала бакча, оорукана маселелери. Район үчүн ошол маселелерди чечип жасагың келет, бирок мүмкүнчүлүк жок. Эң биринчи мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкун келет экен. Ошондуктан саясатка аралашканга туура келди. Ошол салымын бийликке келбей эле кошо бербейби деген суроо жаралышы мүмкүн. 35 жылдан бери иштеп, болушунча аракет кылып келдик.

Ушактарга көңүл бурсаң ооруп каласың
— Негизи жалган жалаадан корком. Мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп депутат болуу мен үчүн оор болуп жатат, анча-мынча көнө да элекмин. Саясатка аралашып, эл көзүнө көбүрөөк көрүнүп калат экенсиң. Мурда биз анын ичинде мен жөнүндө айтылган сөздөргө маани берип окучумун. Азыр «ит үрө берет, кербен жүрө берет»  деген принципке өтүп алгам. Анткени интернетке чыккан маалыматты карасаң жакшы сөз жазышпайт. Мен го жаман экенмин, Кыргызстандагы мен-мендеген мыкты саясатчылар жөнүндө жазылса да ошол эле сөздөр менен жамандайт. Албетте, беш кол тең эмес, баарына бирдей жагуу кыйын. Кээ бири көрө албай ошол нерсени кылышы мүмкүн. Ошондуктан ушактарга көңүл бурганды токтотком. Анткени көңүлүңө алсаң тынчсызданып ооруп калат экенсиң. Бир гана кудайдан коркуп иш жасаш керек экен.

Иштен качып, спорт менен машыкчумун
— Жалал-Абадда техникумда окуп жүргөндө  жеңил атлетика боюнча машыгып калгам. Себеби спорттон 5-орунга чейин алган  спортсмендерди пахта тергенге, чөп чапканга алып барчу эмес. Биринчи курсумда  пахта тергени барып, экинчи курсумда экинчи орунду алып спортсмен болуп кеткем. 4 ай машыккандан кийин союздук деңгээлдеги мелдештерге катышкам. Бүгүнкү күндө бир топ чакырымга жөө басам.

Искендер Матраимов, ЖК депутаты: «Уй саап, тандырга нан жапкан учурларым болгон»Сыртымдан мени корс деп ойлошот экен
— Апам «бакырчаак төөнүн бары жакшы» деп айтып калчу. Илгери комсомолдо иштеп жүргөндө үнүңдү жогорураак, жетиштүү кылганга, элди өзүңө тартканга үйрөтүшчү. Ошондон уламбы катураак сүйлөп коем. Анын артынан сүйлөшүп аткан киши мени түшүнбөй  «эмне мага кыйкырып атасың» деп урушкан күндөрүм болгон. Көпчүлүк «сыртыңдан корс көрүнөсүң» деп айтышат. Бирок мүнөзүм ачык, шайыр, жиним тез келип, тез тарайт. Кээде бир нерсени толук түшүнбөй туруп кыйкырып жиберчү адатым өзүмө жакпайт. Бир кесиптешим мени сыртыман көрүп аябай корс, бой көтөргөн  деп ойлоп жүрчү экен. Командировкага барып калсак сизди мындай жөнөкөй адам деп ойлогон эмесмин деп таң калган.

Жогорку Кеңеште бешке окуган баладай отуруп калдым
—Мен жөнүндө интернетке чыккан видео жөнүндө айтсам, ошол күнү терроризм жана экстремизм боюнча мыйзам долбоорун өткөргөнбүз, үчүнчү окууда каралып жаткан. Мен жанымдагы кесиптешим  менен ошол темада сүйлөшүп жатканбыз. ал күнү аба ырайы бир аз суук болуп, жаан жаап жаткан. Өзүм ооруп ийне сайдырып келген болчумун.  Жогорку Кеңештин ичи да бир аз муздак болгондуктан үшүп денем чыйрыгып аткан. Кесиптешим менен сүйлөшүп жатып, колумду чаап, денемди чочутуп отурганым, уят жест кылгандай  болуп калыптыр. Сөздү болсо кошуп, монтаждап коюптур. Бирок  мен тарткандарга ыраазы болдум. «Черный пиар тоже пиар» деп коет эмеспи. Анткени ал мага көп сабак болду. Негизи кеңири жүргөндү жактырган кишимин. Ошентсе да Жогорку Кеңеште бешке окуган баладай отуруп калдым.

Парахат Шукурова

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты