Президент Балыкчы – Кочкор — Кара-Кече темир жолунун курулушу менен таанышты

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Балыкчы – Кочкор — Кара-Кече темир жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев мамлекет башчысына Балыкчы — Кочкор темир жол тилкесинин курулушу тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, жыл соңуна чейин аталган жолдун 5 чакырымын аяктоо пландалууда. Учурда иштин 85%ы – 4,5 чакырым жол тилкесин түптөө иштери бүттү. Ал эми 3,7 чакырым жол тилкесине рельстер орнотулду.

Мындан сырткары аталган жолду курууга чет элден инвестиция тартуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Маалыматта бул долбоор аяктаган соң андан ары Жалал-Абад облусуна темир жол төшөө менен өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактары темир жол каттамы аркылуу бириктириле турганы жазылат.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Балыкчы – Кочкор — Кара-Кече багытындагы темир жолду келечекте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу менен туташтыруу пландалууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты