Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Жакшылык төрөт үйүнөн чыкты
- 3 года мурун
Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Жакшылык төрөт үйүнөн чыгарылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармактагы баракчасында билдирди.
Кыргызстандын жети миллионунчу жараны 19-октябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жарыкка келген.
Жети миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы — Айжаркын Сыраждинова.
Президент Садыр Жапаров ымыркайга Жакшылык ысымын берүүнү сунуштаган.
Жакшылыктын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.
Кыргызстандын алты миллионунчу наристеси 2015-жылы 25-ноябрда Ош шаарында төрөлгөн. Ал менен катарлаш келген 14 балага президенттин фондунан ар бирине 100 миң сомдон берилген.