УКМК: Telegram аркылуу синтетикалык баңгизаттарды сатуу каналы аныкталды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда синтетикалык баңгизатын сатуу каналы аныкталып, баңги синдикатынын активдүү мүчөсү кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, жеке адамдар синтетикалык баңгизаттарды Telegram социалдык тармагындагы интернет-дүкөндөр аркылуу сатып жатканы жана ал заттар мектеп окуучуларына дагы жеткиликтүү болгону аныкталган.

Кылмышка шектүү катары дары-дармек синдикатынын активдүү мүчөсү Я.И. кармалып, УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат

УКМК синтетикалык баңгизаттар Кыргызстанда жаштар арасында кеңири таралып, калктын ден-соолугуна олуттуу коркунуч туудуруп жатканын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты