Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси алмашты
- 2 года мурун
Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп Шабданбек Алишев дайындалды. Тиешелүү тескемеге төрага Нурланбек Шакиев кол койгонун парламенттин басма сөз кызматы 24-октябрда билдирди.
Шабданбек Алишев 42 жашта. Буга чейин президенттик администрацияда, кийинчерээк Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси кызматтарын аркалаган.
Жогорку Кеңештин аппаратын буга чейин Бакытбек Мажитов жетектеп келген.
Муну бөлүшүү