Акылбек Жапаров Кыргыз-Америка ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү менен жолукту

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз-Америка ишкерлер кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы соода байланышын мындан ары чыңдоо боюнча көрүлүп чаралар талкууланды.

Акылбек Жапаров АКШдагы бизнес өкүлдөрүн Кыргызстанга өлкөдөгү соода-инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен таанышуу үчүн чакырганын билдирди.

«Кыргызстан инвестиция үчүн ар дайым ачык. Учурда Министрлер кабинети бизнес үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү саясатын жүргүзүп жатат. Өлкөдө чет элдик инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча либералдуу мыйзам базасы түзүлдү», — деп белгиледи Жапаров.

Мындан тышкары ал дүйнөдө биринчилерден болуп Кыргызстанда «Креативдик индустриялар паркы жөнүндө» мыйзам кабыл алынганын кошумчалады.

Кыргыз-Америка ишкерлер кеңешинин максаты эки өлкөнүн ортосундагы ишкер мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты