Эл аралык стипендиялар: Түштүк Кореяда бекер окугуңуз келеби? (Инфографика)

Чет өлкөдө билим алууну каалаган жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр жылдан-жылга көбөйүп жатат. Акчаң болсо гана чет олкөдө окуй аласың деген ойду четке каккан бул мүмкүнчүлүктөр, көптөгөн студенттердин акысыз сапаттуу билим алуусу үчүн реалдуу болуп калды. Болгону программаны, окуу жайды, кесипти туура тандоо керек. Биз мындан ары акы төлөбөй чет өлкөдө окуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырабыз.

Түштүк Корея мамлекетинин стипендиялык программасы

Түштүк Корея университеттери дүйнө рейтингинде алдыңкы орундарды ээлегендиги билим берүү системасынын жогорку деңгээлде экендигин далилдеп турат. Ошол себептен чет өкөлүк студенттердин көпчүлүгү, анын ичинде Кыргызстандын студенттери Түштүк Кореянын стипендиялык программалары аркылуу билим алууга умтулуп жатышат.

Эл аралык стипендиялар: Түштүк Кореяда бекер окугуңуз келеби? (Инфографика)Мээрим Бактыбекова, Түштүк Корея мамлекетиинин стипендиялык программасы боюнча билим алып жаткан студент: “Мүмкүнчүлүктөрүн угуп башында ишене албадым”

— Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы Ханкук чет элдик изилдөөлөр университетинде эл аралык өнүгүү багыты боюнча билим алып жатам. Кореяга тапшырып калганымдын себеби, бакалаврды аяктагандан кийин магистратура даражасын алууну чечтим. Ошол учурда корей тилине кызыгуум пайда болуп, Бишкектеги Корея Борборундагы курска жазылгам. Ошол жактагы мугалимдер аркылуу программа жөнүндө угуп калып, тапшыргам. Мүмкүнчүлүктөрүн угуп башында ишене албадым. Баргандан кийин бекер эле коркконумду түшүндүм. Анткени, баары туура чыкты.Тапшыруу процесси оңой эле болду. Документтерди тапшыргандан кийин үч ай күттүм. Ал убакыт аралыгында этаптар менен тандоо турларынан, маектешүүдөн өттүм. Жыйынтыгында конкурстан өтүп, Кореяга жол тарттым. Азыр 4 семестрдин үчүнчүсүн аяктап жатам. Негизинен окутуу англис тилинде жүргүзүлөт, бирок корей тилинде жургүзүлүүчү сабактар да бар. Канададан, Египеттен, АКШдан, Португалиядан, Бразилиядан келген профессорлордон сабак алабыз. Ошондой эле бул жактын маданияты боюнча ийилип саламдышышат да, Кыргызстанга барган көнүп калган адат боюнча ийилип саламдашсам мени бирөөнүн келини экен деп ойлошот. Окууну бүткөндөн кийин кесибим боюнча Кыргызстанда иштөөнү пландап жатам.

Эл аралык стипендиялар: Түштүк Кореяда бекер окугуңуз келеби? (Инфографика)

Талаптары:

  • Чет өлкөлүк жаран болушу керек;
  • Ден-соолугу окууга тосколдук кылбашы керек;
  • Бакалаврга тапшыруу үчүн орто мектепти аяктаган, жашы 25тен ашпаган жаран болушу керек;
  • Магистратурага тапшыруу үчүн Бакалавр дражасына ээ, жашы 40тан ашпаган жаран болушу керек;
  • Академиялык жетишкендиги жогору болушу керек;
  • Тапшыруу үчүн өзү жашаган өлкөдөгү Корея Республикасынын консулдугуна кайрыла алышат.
  • Өтүнмө калтыруу убактысы- бакалавр: ар жыл сайын декабрдын аягына чейин, мигистратура: ар жыл сайын январь, февраль айларынын ичинде.

Кошумча маалымат жана катталуу  www.studyinkorea.go.kr сайтында жүргүзүлөт.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты