Таалайкүл Исакунова: “Мен кызматтан кете турчу мүчүлүштүктөр болду деп ойлобойм.”

Таалайкүл Исакунова: “Мен кызматтан кете турчу мүчүлүштүктөр болду деп ойлобойм.”Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин мурдагы жетекчиси Таалайкүл Исакунова “Би-Би-Си”ге түз эфирде берген интервьюсунда, депуттардын такталганбаган маалыматты таратып жатканына нааразычылыгын билдирди.

Анын айтымында Жогоку Кеңештин депутаты Аида Касымалиеванын “Исакунова мамлекеттин эсебине үй-бүлөсү менен чет өлкөгө барып келди” деген билдирүүсү чындыка жатпайт. Өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөө максатында өз эрки менен кызматтан кеткенин кошумчалады:

—Депутат айым айткан ар бир сөздөрү үчүн жооп бериши керек. Саясий аренаны пайдаланып, такталбаган, коомчулук анализ кыла албай туруп кабыл алган маалымат таркатуу  журналисттик технология болду. Анын “үй-бүлөсү менен мамлекеттин эсебинен чет өлкөгө чыкты” дегени элдин аң сезиминде калды.
Бирок, мындай сөздөрдү мамлекеттик кызматты, финансылык иштерди билбеген жана түшүнбөгөн киши айтты десек болот. Мен ал убакта кызматтан кете турчу мүчүлүштүктөр болду деп ойлобойм.
Бүгүнкү күндө депутаттардын  негизсиз, такталбаган маалыматтарды жайылтып жатканы, аткаруу бийлигинин алсыздыгына алып келип жатат. Азыр аткаруу бийлигине сөз тийип жататкандыгына байланыштуу кызматтан өз эрким менен кеттим.Ал айым менен социалдык тармактарда же сотто жолугуп калганда, өзүмдүн ар намысымды коргоого мүмкүнчүлүк түзүү максатында арыз жаздым.

Комментарий үчүн учурда Аида Касымалиева менен байланышуу мүмкүн болбой жатат. Буга чейин ЖК депутаты Аида Касымалиева парламенттен Социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчисинин чет өлкөгө болгон сапарлары үй-бүлө мүчөлөрүнүн сапарлары менен туура келип жатканы боюнча фактыларды келтирген.

Депутаттын маалыматында, Таалайкүл Исакунова чет өлкөдө өткөн иш-чараларга бюджеттин эсебинен барып, бирок ал иш-чараларга катышпастан үйбүлөсү менен саякаттап жүргөнүн айткан.

Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министиринин чет өлкөлүк иш сапарларын текшерүүнү сунуштаган. Жыйынтыгында,  Башпрокуратура экс министирдин премьер-министирдин уруксаты жок,дипломаттык паспортун колдонуп бир нече жолу чет өлкөгө чыкканын тастыктаган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты