Сот Калиевди камакта калтырды

Сот Калиевди камакта калтырдыБишкектин Биринчи май райондук соту Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга жана ишкананы модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш ишти кароодо. Бүгүнкү жараянда айыпталуучулардын бири, «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев аны үй камагына чыгарууну өтүндү. Ал «Калиевдин ЖЭБдеги аварияга тиешеси жок, аялы кош бойлуу, ал көп балалуу үй-бүлөнү жалгыз багып келген» деген жүйө келтирди.

Мамлекеттик айыптоочу тарап буга каршы чыгып, айыпталуучулар казынага миллиондогон зыян алып келгенин, үй камагына чыгарылса качып кетиши мүмкүн экенин айтты. Натыйжада сот адвокаттын өтүнүчүн четке какты.

Бишкек ЖЭБиндеги авария жана модернизация боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон. Биринчи май райондук соту бул кылмыш иштерининин бирин 12-октябрдан тартып териштире баштаган. Кийинки сот 2-ноябрга белгиленди.

Бул иш боюнча Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директору Узак Кыдырбаев, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев баштаган энергетика тармагындагы ишканалардын ошол кезде иштеген алты жетекчиси айыпталууда.

Мындан тышкары мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, парламент депутаты, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев УКМКнын тергөө абагында отурат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты