Жамангуловдун депутаттык орду Тотоновго тийди

Жамангуловдун депутаттык орду Тотоновго тийдиБорбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты болуп келген Акылбек Жамангуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Анын мандаты партиялык тизме боюнча кезеги келген Нурбек Тотоновго берилди.

БШК Тотоновго депутаттык күбөлүктү жана төш белгини тапшырды. Эреже боюнча, эми ал парламентте ант берип, кызматына киришет.

Акылбек Жамангулов 24-октябрда «Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна («Мегаком» мобилдик компаниясы) жетекчи болуп кеткен.

Коомчулукка аты анча белгисиз Нурбек Тотонов 41 жашта, экономика, юридика жана теология боюнча үч жогорку билимдин ээси. 2014-жылы өлкөнүн Оор атлетика федерациясынын президенттигине дайындалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты