Бишкекте Баткен окуясында курман болгондор эскерилди

Бишкекте Баткен окуясында курман болгондор эскерилдиБишкекте бүгүн Баткен коогасында курман болгон жоокерлерди эскерген митиг реквием өттү. Эскерүү иш-чарасы Баткен окуясындагы жоокерлерге арналган эстеликке гүлчамбар коюу менен башталып, андан ары Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүндө уланды.

Ага Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердибаев, Бишкек гарнизонунун жеке курамы, Баткен окуясынын жана Ооган согушунун ардагерлери жана коогалаңда курман болгондордун жакындары катышты.

Спикер Дастанбек Жумабеков Баткен коогасы көз карандысыз Кыргызстан үчүн оор сыноо болгон белгилеп: “Диний экстремисттердин тобу 1999-жылдын август айынын башында Кыргызстандын түштүгүнө басып кирип, Баткен районунда коогалуу окуянын очогун тутантууга аракет кылган. Бийлик өкүлдөрүн, чет элдик геологдорду жана жергиликтүү тургундарды барымтага алган согушчандар, Борбор Азиядагы башка өлкөлөр үчүн да коркунуч туудурган. Өлкө бүтүндүгүнө жана эл аралык коопсуздукка шек жараткан мындай көрүнүштү тез арада токтотуу багытында ыкчам чара көрүү негизги милдет эле. Душмандарды сүрүп чыгып, катылгандардын жазасын берүү жаатында атайын иштер мерчемделип, ырааттуу аткарылган. Жоокерлер менен катар ыктыярдуу аскерлер экстремисттик топко каршы аттанып, кайратмандык жана күжүрмөндүк менен күрөш жүргүзүшкөн. Тилекке каршы капыстан болгон коогалаңда ондогон кыргыз жоокерлери жана ыктыярчылар каза таап, көптөгөн мекендештерибиз жабыркады”, – деп кошумчалады.

Иш-чаранын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөттү.

Баткен окуясында каза болгон жоокерлердин атын түбөлүккө калтыруу, тарыхый мурастарды сактоо жана жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында Куралдуу күчтөрүнүн бардык бөлүктөрүндө 26-октябрь – 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында курман болгондорду эскерүү күнү катары белгиленүүдө. Бул коогалаңда жеке курамдан 54 жоокер каза болгон. 2001-жылы Коргоо министрлигинин буйругу менен алардын аты-жөнү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн тизмесине түбөлүккө киргизилген.

1999-жылы Баткендин Зардалы, Кожо Ашкан айылдарына өздөрүн Өзбекстан ислам кыймылы атаган экстремисттик топтун куралчан өкүлдөрү басып кирип, алар менен бир айдан ашуун кармаш жүргөн. Кийинки 2000-жылы экстремисттик топ Баткен менен Лейлек райондорунун ортосундагы —  Тажикстан менен чек арадагы Төрө ашуусу аркылуу Кыргызстандын аймагына кирип келген. Алар менен ушул эки жылдагы кармашта Кыргызстандын 54 жоокери окко учкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты