Нарында жер титиреди

Нарында жер титиредиНарын облусунун аймагында бүгүн эртең менен жер титирөө катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 26-октябрда саат 07:51де катталган. Силкинүү Нарын районунун Казан-Куйган, Оттук айылдарында 3 баллга жана Кызыл-Жылдыз айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты