ИИМдеги иликтөө: “Шумкар” миллионду сугунуп койгону аныкталды

ИИМдеги иликтөө: “Шумкар” миллионду сугунуп койгону аныкталдыИчки иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы атайын багыттагы “Шумкар” полкунда миллион сомдон ашык финансылык мыйзам бузуу болгонун аныктады.

ИИМдин маалымат кызматы бүгүн тараткан маалыматка караганда, атайын багыттагы “Шумкар” полкуна бөлүнгөн күйүүчү май боюнча көрсөткүчтөрдү бурмалап жазуунун натыйжасында 28 миң литрден ашууну эсептен чыгарылган. Анын жалпы суммасы 1 млн. 221,4 миң сом болот.

Иликтөө учурунда кызматтык унаалардын спидометринин көрсөткүчтөрү бухгалтердик документтер менен салыштырылып, жогорудагыдай айырма аныкталган. Мындан тышкары “Шумкардын” кампасындагы автомобилдик тетиктер да жетишсиз болуп чыккан.

ИИМдин ички иликтөө кызматы топтолгон материалдарды ушул айдын орто ченинде юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага өткөрүп берген. Бишкек шаардык прокуратурасы аны изилдеп чыккан соң кылмыш ишин козгоду. Азыр тергөө жүрүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты