Динара АКУЛОВА: “Колумду сурагандарга кийинчерээк дей берип, убакыттан уттуруп жибериптирмин”

Динара АКУЛОВА: “Колумду сурагандарга кийинчерээк дей берип, убакыттан уттуруп жибериптирмин”

Мукам үнү менен көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун тапкан ырчы айым Динара Акулова жеке жашоосу туурасында маек курду.

—Туулуп-өскөн жериңиз Ысык-Көлдүн жаратылышы чыгармачылыгыңызга таасирин тийгизбей койбосо керек?
—Ырчылыкты туулган жеримде тандагам да. Бала кезде “айылга концерт келет экен” десе, апама айттырбай жумуштардын баарын эки-үч күн мурда жасап, концертке сурануу үчүн даярданчумун. Ал кезде айылга келген театрлар көчөгө, өздөрүнүн автоунааларынын үстүнө спектакль коюп, концерт беришчү. Алардын койгон спектаклдерин көрүп, Гүлмайрам Момушева, Зейнеп Шакеева, Гүлсүн Мамашева эжелердин ырларын угуп таасирленчүмүн. Кийин борборго келип филармониядагы Карамолдо Орозов атындагы эл оркестринде иштеп, ошол эжелерим менен таанышкам.

—Өнөрдү аздектей билиш оорбу? Атак-даңктын пайдасы жана зыяны кандай?
—Өнөрдү, талантты барктап-сактап, чыдап иштеш өтө оор. Чыгармачыл чөйрөдө ийгиликтерди багындыруу үчүн чыдамкай жана өжөр болуш керек. Экинчи жагынан атактуу болуунун терс жактары да бар. Мисалы, ар бирибиздин жашообузда өйдө-төмөн нерселер болот. Сенин жашооңдо болуп жаткан ар бир нерсе эл алдында болуп, азапка салып жиберет.

—Айымдардын дээрлик баары сөйкө-шакектерге маани беребиз. Дегеним, кандай зер буюмдарын сүйүп тагынасыз?
—Мен көбүнчө алтын, күмүш тагынам. Кийинген кийимдериме жараша зер буюмдарымды да алмаштырып турам.

—Күнүмдүк жашоодо кандай стилдеги кийимдерге басым жасайсыз? Эң кымбат кийимиңизди канча сомго алдыңыз эле?
—Концерт учурунда көбүнчө сахна кийимдерин кием. Көпчүлүк учурда машина айдап, неберелерим менен жүргөндүктөн, күнүмдүк жашоодо жеңил-желпи, өзүмө жарашыктуу кийимдерди кийгенге аракет кылам. Эң кымбат кийимди “Гизия” фирмасынын бутигинен сатып алгам.

—Кандай учурда өзүңүздү жалгыз сезесиз? Мындай учурда өзүңүздү кантип алаксытасыз?
—Кудайга шүгүр, жалгыз кала элекмин. Жалаң музыка менен иштеп жүрүп, кээде тынчтыкты каалап каласың. Мындай учурда тоого, таза абага чыгып, уктап эс алып келгим келет.

—Динара айым, эмнеге кийинки жолу турмуш курган жоксуз?
Динара АКУЛОВА: “Колумду сурагандарга кийинчерээк дей берип, убакыттан уттуруп жибериптирмин”—Кайрадан жаңы турмуш куруш үчүн ошого даяр болуш керек. Менин турмушумда өйдө-ылдый көп болду. Анан эле көз ачып-жумгуча кыздарым чоңойду. Кыздар чоңойгондо эне катары “Ушулар турмуштан өз ордун таап, бактылуу болушса экен” деп тилеп, ошого болгон күч-аракетиңди жумшайт экенсиң. Колумду сураган же өзүмө жаккан мырзаларга кийинчерээк деп жүрүп убакытты уттуруп жибериптирмин. Кимдир бирөөлөр: “Кыздарың чоңойду, турмуш куруп ал” дешсе, айрымдар “Артисттер эрге тийбейт” дешет. Артисттер да адам. Аларда да жеке жашоо, үй-бүлө, достору, катыштары, тууган-уругу жана түгөйлөрү болуш керек.

—Кыздарыңыз турмуштан өз ордун таап, неберелүү да болдуңуз. Неберелүү болгон өзгөчө бакыт болсо керек?
—Бул жашоодо эң кыйыны, эң таттуусу жана эң кызыктуусу небере экен. Неберем чоңоюп калды. Буюрса, өз алдынча талпынып басканга аракет кылып атат. Небере баккандан бери телегейим тегиз болгон сыяктуу, бардык кыйынчылыктарды унутуп калдым.

—Балдарды жалгыз тарбиялоо аялзаты үчүн кыйын эле болсо керек?
—Албетте кыйын. Уул болобу, кыз болобу балдарды ата-эне бирге тапкандан кийин, аларды бирге тарбиялаш керек экен. Бир эле учурда балага ата да, эне да болуш кыйын. Баламды жүрөгүмдүн алдында көтөрүп, ак сүтүмдү эмизсем, анан кантип атанын катуу талаптарын коё алам?

—Кыйналган учурларыңыз көп болду беле?
—Көп эле болду. Ошол учурлар өтүп кеткенден кийин өзүм да таң калам. Андай учурда бир гана Кудайым колдоп, сабырдуулук менен көп нерсени жеңсе болот. Оор кырдаалдарда шашылыш жыйынтык чыгарган инсандар жашоосунда көп нерсени өз колу менен бузуп алып, өкүнүп калышы мүмкүн. Мен антип шашылып чечим чыгарып, өкүнүп калган учурларым боло элек.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты