Кочкордогу жол кырсыгынан жети адам жабыркады

Кочкордогу жол кырсыгынан жети адам жабыркадыКырсык бүгүн таңга жуук Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 180 чакырымында, Сары-Чат тилкесинде болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Audi S4 үлгүсүндөгү машине жолдон чыгып, ала-салып кеткен.

Кырсыктан ар кандай жаракат алган жети адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, «Тез жардам» кызматына өткөрүлүп берилди.

Жол кырсыгынын себептери азырынча белгисиз, аны тиешелүү кызматтар иликтөөдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты