Кытайда бир аял бала бакчадагы 14 балага бычак урду

Кытайда бир аял бала бакчадагы 14 балага бычак урдуКытайдын Чунцин шаарында ашкана бычагын көтөргөн бир аял бала бакчанын 14 тарбиялануучусуна бычак уруп, жабырлантты.

Полициянын маалыматына караганда, 39 жаштагы шектүү аял бул кол салууну жума күнү эртең менен бала бакчанын дарбазасынын алдында жасаган. Ошол учурда балдар эртең мененки көнүгүүдөн кайтып келаткан эле.

Бала бакча кызматкерлери менен кароолчулар албууттанган аялды кармап, токтотуп калганга үлгүргөн. Бирок ага чейин ал 14 баланы жаракат келтиргенге жетишкен. Окуя болгон жерге жетип келген полиция ээ-жаа бербей, албууттанган аялды дароо камакка алды.

Анын бул аракетинин мотивдери жана ага эмне себеп болгону азырынча айтыла элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты