Аида Касымалиева: “Бюджет эсебинен чет өлкөгө чыкпоо принцибин карманам”

Аида Касымалиева: “Бюджет эсебинен чет өлкөгө чыкпоо принцибин карманам”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жогорку Кеңеш депутаты Аида Касымалиева, парламенттин аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев жана Иш башкармалыгынын башчысы Маратбек Матазимовдун катышуусундагы басма сөз жыйынында ЖК депутаттарынын чет элдик командиркалары тууралуу ЖМК маалыматтарына тактоо киргизилди.

“24.kg” маалымат агенттигине “Кто из депутатов парламента любит ездить за границу за счет бюджета” деген аталышта материал жарыяланган. Буга байланыштуу депутат Аида Касымалиева мамлекеттик бюджеттин эсебинен чет өлкөлөрдөгү иш сапарларга чыкпоо принцибин карманарын билдирди:

“Андан тышкары, жакында эле төрт иш сапардан чакыргандардын эсебинен экенине карабай баш тарттым. Себеби, менин Бишкекте жана аймактарда алардан да маанилүү иштерим жана жолугушууларым арбын”, – деди.

Маратбек Матазимов агенттикте жарыяланган маалыматтарды төгүнгө чыгаруу менен тиешелүү так маалыматтарды берди. Алсак, “24.kg” агенттигинде 2017-жылдагы депутаттардын иш сапарларына 18,1 млн. сом коротулганы айтылган. “Бирок, депутаттардын чет өлкөдөгү иш сапарларына 5,218 млн. сом жумшалган” – деди.

Басма сөз жыйынында белгиленгендей, 2017-жылы жалпы иш сапарларга 18,113 млн. сом каралган. Анын ичинен 17, 621 млн. сом иштетилсе, 492 миң сом кайра мамлекеттик казынага кайтарылган.

Аппарат жетекчи Саматбек Ибраев  24-октябрь күнү ошол эле маалымат агенттигине “Обеды, ужины, сувениры. ГКНБ раскрыл коррупционную схему в аппарате парламента” аталышында макала жарыяланганын эске салып, андагы маалыматтар да чындыкка туура келбей тургандыгын билдирди.

Кошумчалай кетсек, аталган материал жарыяланып, бирок кыска убакыт аралыгында кайрадан өчүрүлгөн. Материалда УКМК тарабынан миллиондогон чыгымдарга алып келген иш сапарларга байланыштуу Жогорку Кеңештин Аппаратында коррупциялык схемалар иликтенип жатканы тууралуу айтылган. Бир аздан соң аталган маалыматты башка агенттиктер жана телеканалдар  “24.kg” агенттигине шилтеме кылуу менен жарыялоону улантышкан. Буга байланыштуу депутат Саматбек Ибраев: “ЖМК өкүлдөрүнөн маалыматты жарыялоодон мурун текшерип, окурмандар алдында жоопкерчиликтүү болууну өтүнөбүз”, – деди.

ЖК пресс-кызматы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты