Атамбаев: СДПК, бир жактуу дүйнө, экстремист агымдар тууралуу

Атамбаев: СДПК, бир жактуу дүйнө, экстремист агымдар тууралуу

Кыргызстандын экс президенти, КСДП партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев Москвада өтүп жаткан Азия өлкөлөрүнүн саясий партияларынын жыйынында, 25-октябрда сөз сүйлөдү. Жыйынга Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүнүн саясий партияларынын өкүлдөрү катышты.

Дүйнөгө коркунуч жараткан террор, экстремизм жана коопсуздук тууралуу сөз баштап, Атамбаев мамлекетке коркунучту экстремисттик агымдардын өздөрү эмес, анын артында  турган мамлекеттер ойнорун баса белгиледи.

“Азыркы заманда коркунучту экстремисттик агымдардын өздөрү эмес, анын артында турган күчтүү мамлекеттер ойноп, башкалардын колу менен, согуш жарыялабастан гибриддик согуш, араздащуунун арасында аспап катары ал мамлекеттерди колдонот.  Бул мамлекетти чыңалтып, жарандар арасында, ички араздашууга барат, ал эми маңызында сырткы оюнчулар тарабынан шыкакталып жана колдоого алынып турат” деп айтты.

Партиянын платформасында маалыматтык коопсуздук маанилүү роль ойной турганын, Кыргызстандагы санарип долбоору тууралуу сөз козгоду.

“Буга жооп катары биздин мамлекетте “Таза коом” санариптик долбоор  түзүлгөн, ал Кыргызстандын санариптик коопсуздунуе сактап турат” деп айтты.

А. Атамбаев ошондой эле өткөн кылымдардан келаткан  баалуулуктарга сугарылган көп жактуу дүйнө керек экенин айтты. Бул социалдык багыт алган, кедейчиликтен арылган, эркин, улут аралык жана конфессия аралык араздашуудан арылган социалдык багыттагы көп жактуу дүйнө керек экенин белгиледи.

“Бул максатта жетүү үчүн социал-демократтар дүйнөнүн бардык саясий партиялдары менен кызматташууга даяр” деди экс президент.

Жыйын Москвада 24-27-октябрда өтүп жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты