Баткенде быйыл 95 жаңы ишкана ачылды

Баткенде быйыл 95 жаңы ишкана ачылдыБул тууралуу 9 айды жыйынтыктаган облустук жыйында белгилүү болду. Облустук акимчиликтин маалымат катчысы Чолпон Бердикулованын билдиришинче, 9 айдын жыйынтыгы менен облуста 95 жаңы ишкана ачылып,  634 жумуш орун түзүлгөн. Бардык тармактарды эске алганда облуста  быйыл 4874 жумуш орун түзүлүп, ошончо жаран туруктуу жумуш менен камсыз болгон.

Жаңы ачылган ишканалардын көпчүлүгү акы алып кызмат көрсөтүүчү ишканалар. Аларга чакан пескоблок чыгарган, тигүү цехтери, окуу борборлору, жеке менчик бала бакча, мөмө-жемишти кайра иштетүүчү, кургатып, таңгактоочу, сүт заводу, нан жана нан азыктарын чыгаруучу ишканалар, жеке медициналык клиникалар кирет.

Быйылкы жыл президент тарабынан аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланып, жергиликтүү бийликке ар бир аймакта жаңы ишканаларды ачуу милдеттендирилген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты