Өзбекстанга картошка сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Өзбекстанга картошка сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдөӨзбекстандын 17 компаниясы Кыргызстандан картошка сатып алууга даяр экенин бүгүн Айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди. Анын айтымында, министрлик өкүлдөрү аз күн мурда Ташкентке барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди.  Ал жолугушууда Өзбекстандын 17 компаниясы Кыргызстандан картошка сатып алары тууралуу так жооп берген.

Бирок азырынча тараптар канча көлөмдөгү картошка алып сатууну жана жана анын баасын быча элек.

Кыргызстанда быйыл картошка жана башка айыл чарба азыктарынын баасы арзан болуп, экспорт маселеси чечилбей жатканына дыйкандар нааразы.

Расмий маалыматка караганда, быйыл Кыргызстанда 84 миң 500 гектар жерге картошка айдалып, 1,5 миллион тонна түшүм алынган. Картошка азыр дүңүнөн 8-10 сомдон сатылып жатат.​ Былтыр күзүндө дыйкандар аны дүңүнөн 18-20 сомдон саткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты