“Улуттук энергохолдинг” башчысы 100 миң сомдой айлык алат

“Улуттук энергохолдинг” башчысы 100 миң сомдой айлык алатБул тууралуу бүгүн аталган ишкананын башкармалыгынын төрагасы Азамат Абдыкадыров парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал айлыгы 80-90 миң сомдой экенин, бирок сентябрь айында колуна 100 миң сомго жакын акча алганын айтты. “

Ошондой эле ал “Улуттук энергохолдинг” компаниясы 48 кызматкерине жылына 49 млн сом акча сарптап, компаниянын жылдык чыгашасы 74 млн сомду түзөрүн билдирди. Ишканада 48 кызматкер иштеп, маянасына жылына 49 млн. сом бөлүнөт. Мындан калган каражат транспорттук жана командировкалык чыгашаларга, компаниянын керектөөлөрүнө жумшалат.

“Улуттук энергохолдинг” 2016-жылы түзүлгөн. Абдыкадыров ага жетекчи болуп быйыл май айында дайындалган. Ага чейин «Электр станциялары» ачык акционердик коомунда бөлүм башчы болчу.

Компаниянын мурдагы төрагасы Айбек Калиев быйыл 10-апрелде Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланышкан чуудан улам кызматтан алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда орточо айлык 15 миң 391 сомду түзөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты