Улугбек Ормонов: «Конституцияга кимдир бирөөнүн суранычы менен кол койгону ар бир депутаттын абийиринде»

Жогорку Кеңеште Конституцияга өзгөртүү киргизүү  боюнча референдумду дайындоо жөнүндөгү мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. Демилгечилердин суроолорго так жооп бере албай жатканы эл өкүлдөрүнүн көбүн канааттандырган жок. Аталган демилгеге каршы пикирин билдирип келе жаткан «Бир Бол» фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов демилге боюнча өз пикирин кененирээк бөлүштү.

—Улугбек мырза, Баш мыйзамды ѳзгѳртүү демилгесин кѳтѳрүп жаткандар бүгүн ѳзгѳртпѳсѳк эртең кеч болуп калат деген таризде түшүндүрүп жатат. Сиздин оюңузча, Конституцияны ѳзгѳртүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатабы?
—Негизи Конституцияга ѳзгѳртүү киргизүүнүн таптакыр эле кереги жок дегенден алысмын, өзгөртүү керек. Бирок Кыргызстан бүгүнкү күндѳ Баш мыйзамга ѳзгѳртүү киргизбей жашай береби деген суроого – жашай берет деп айтар элем.  Кыргызстандын эгемендик тарыхында эки жолу бийлик мыйзамсыз алмашса, ошол эки жолу тең Конституцияга ѳзгѳртүүлѳрдү  киргизүү себеп болгон. Мен дагы бир жолу бийликтин  мыйзамсыз алмашуусун каалабайт элем. 2005-жылдан кийин беш жылдан соң бийлик алмашса, азыр андан бери алты жыл ѳттү. Элде бийликти мыйзам жолу менен алмаштырса болот деген үмүт пайда болгон учурда саясатчылардын тирешүүсүнүн кереги  жок болчу. Анын ордуна Конституциялык кеңешме түзүп, акыл калчап, шашпай кабыл алсак болмок.

—Демилгечилердин шашылыш аракеттеринин себеби эмнеде?
—Биринчиден, бул маселени ошол шашкандардан сураш керек. Демилгечилер тышкы күчтѳрдүн биздин мыйзамдарга түздѳн-түз кийлигишүүсү, сот системасындагы реформанын толук бүтпѳй калгандыгы жана ѳкмѳттүн кѳз карандысыздыгын күчѳтүү негиз болууда деп түшүндүрүп жатат. Албетте, Азимжан Аскаров боюнча БУУнун комитетинин кайрылуусу, сот ѳкүмүнүн кайра каралышы ойлондурбай койбойт. Бирок ошол маселелерди эки жылдан кийин кабыл алсак болот эле да. Мисалы, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча маселени алсак, 25 жылдык эгемендүүлүгүбүздѳ 28 ѳкмѳттү алмаштырыптырбыз. Бул жакшы кѳрүнүш эмес. Ѳндүрүштѳ иштеген киши катары айтсам, ѳкмѳткѳ туруктуулук керек. Бирок ошол туруктуулукту парламент ѳзүбүз эле камсыз кылсак болот. Туруктуулук керек деген адамдар убагында ѳкмѳт башчыларын «буга аралашты, тигиге аралашты» деп ѳздѳрү маселе кѳтѳрүп чыкпады беле.
Ошондой эле буга чейин акимдерди түз дайындоо болуп келген. Ошону да убагында «Бул демократиялык жол эмес экен. Элдин оюн эске алып шайлоо жолу менен барабыз» деп ѳзгѳрткѳнбүз. Эми ошону туура эмес экен, дайындоо жолу менен келиши керек деп жатабыз. Негизи дайындоо жолу менен келген туура. Акыркы алты жылда акимдерди шайлоо жолу менен тандап, бир топ талаш-тартыштар болуп келди. Райондук кеңештин депутаттарын жоюп салгандан кийин акимдерди шайлоо маселеге айланып калды. Райондук кеңештин депутаттары болгон учурда белдүү, билимдүү кишилери ызы-чуусу азыраак жол менен акимдерди шайлап келген. Азыр жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы жыйынына салуу майдаланып,  ызы-чууну жаратып жатат. Негизинен демилгечилер тарабынан берилген сунуштардын кѳпчүлүгү туура же таптакыр эле туура эмес дегенден алысмын. Бирок ушуларды кийин деле жасасак болот деген ой менен каршы болуп жатам.

—«Өкмөт башчылыгына шайланган депутат мандатын сактап калат» деген өзгөрүү туурабы? Негизинен кайсы жерине каршы болуп жатасыз?
—Премьер-министр менен биринчи вице-премьер министрдин депутаттык мандатка ээ болуп калышына каршымын.  Бул боюнча демилгечилер бир топ ѳлкѳлѳрдү мисал тартып ѳттү. Бирок кѳпчүлүгү туура эмес айтылып калды. Мен  билген Канадада бардык министрлер кабинети министр-депутат деген статуска ээ. Аларда президент деген жок, толук кандуу парламенттик башкаруудагы ѳлкѳ. Парламенти алты ай мыйзам чыгаруу менен иштесе, алты ай округдарда иштешет. А биз каалайбызбы-каалабайбызбы аралаш системада жашап жатабыз. Бизде президентти эл шайлайт. Толук кандуу парламенттик башкарууда премьер, биринчи вице-премьер деп бѳлбѳй, бардык министрлер кабинетин ошондой статуска ээ кылып койсок, туруктуулукка алып келмек. Арасынан бѳлүп алып, эки кишиге андай статус берип койгонубуз туура эмес.

Айрым фракциялар 120 депутат бизге көптүк кылат деп айтып, алардын санын азайтууну сунуштап жатат. Сиз кандай пикирдесиз?
—Элдин арасында «120 депутат кѳптүк кылат» деген сын-пикирлер айтылып эле келе жатат. Мен 2010-жылдан кийин жеке ишкер катары элге аралашып, андай пикирлерди кѳп уктум. Биз ошол жалпы эл талап кылган маселелерди да  киргизип койсок жакшы болмок. Депутаттардын санын 90 кылып, 30га азайтсак, канчалык бир деңгээлде элдин талабын аткарган болуп калмакпыз. Бул сунушту эмне үчүн кошкон жоксуңар деген суроого жооп жок, «120 депутат туура эле» деп айтып жатат. Менин оюмча, бул маселени эч ким терең изилдеген  жок. Эгерде биз бир палаталуу парламентти калтырсак, жарымын бир мандаттуу округдан шайлашыбыз керек экен. Жалаң партиялык депутат болбой, элдин ѳкүлдѳрү да келип, жер-жерлердеги кѳйгѳйлѳрдү кѳтѳрүп чыгып, партияга  баш ийбей ѳз оюн айткан кѳз карандысыз депутаттар керек. Же болбосо мурункудай эки палаталуу парламент кылып мыйзам чыгарууну жүз пайыздык партиялык жол менен шайлап, эл ѳкүлдѳрүн бир мандаттуу округдардан койсок жакшы болмок. Жүз пайыз партиялык жол менен келген парламентке элдин ишеними аз болуп жатат.

—Баш мыйзамды ѳзгѳртүүгѳ каршы чыгып жаткандар, «СДПК, анын ичинде Атамбаев, президенттиктен кеткенден кийин саясий чѳйрѳдѳ таасирин сактап калуу аракетин кѳрүп жатат» деген пикирлерин айтууда. Буга сиз кошуласызбы?
—Мен андай аракеттерди кѳп деле байкаган жокмун. Ачык аракеттер болбогондон кийин шашуунун кереги барбы деген маселе жаралат. Эгерде ачыктан ачык аракеттер болгондо, түшүнсѳк болмок. Албетте, ар бир саясий күч, саясий партия ѳзүнүн таасирин сактап калуунун аракетинде болот. Кандай гана саясий партия болбосун, түзүлгѳндѳ эле бийликке келүү максатын коюшат эмеспи.

—Кѳпчүлүк эл ѳкүлдѳрү мыйзам долбоорун окубай туруп кол коюшкан деп жатышат. Окубай туруп мыйзамга кол коюу мүмкүнбү?
—Албетте, сессия бүткѳндѳн кийин жайкы каникул учурунда ушунча депутат демилгечи болду дегендин ѳзү коомчулукта ишенбѳѳчүлүк жаратты. Окуп- түшүнүп кол койдубу же сураныч менен кол койгону ар бир депутаттын жеке пикири, абийиринде болуш керек.

—Атамбаев менен Текебаевдин тирешине Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү эле себеп болдубу же башка да себептери барбы?
Буга 31-августтагы президенттин аянтта сүйлѳгѳн ачык, ачуу сѳздѳрү себеп болду окшойт. 2010-жылдагы болгон окуяларга катышкан киши катары, туура эмес жасалган иштерди ачык айтты. Бул ачык айтылган сѳздѳргѳ ошол убактан чогуу жүргѳн кишилердин реакциясы деп эсептейм. Буга укук коргоо органдары ѳз баасын бериши керек. Себеби мамлекет башчыбыз кѳп нерселерди ачык айтып, тапшырманы берди. Анткени  ар бир жетекчинин катуу реакция кылганы ойлондурбайт койбойт. Убагында Зарылбек Рысалиев мародерчулук боюнча катуу иликтѳѳ жүргүзө баштаганда  башкы прокуратура «бул иште кылмыш жок» деп  аягына чыкпай калган. Кайра башталса, ким күнѳѳлүү экени ачыкка чыгат.

—Бул маселелер боюнча «Бир Бол» фракциясында бир аз келишпестиктер болгондой болду, бир пикирге келе алдыңыздарбы?
—Бул маселе боюнча биздин фракция эркин добуш берүү чечимин кабыл алган. Ар ким ѳз оюн айтып, добуш берген, мажбурлаган эмес.

Парахат Шукурова

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты