Сүйүнчү пул берүү мөөнөтү тездетилди

Сүйүнчү пул берүү мөөнөтү тездетилдиЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, мындан ары сүйүнчү пул үчүн арыз берген ата-эне акчаны аз эле убакытта, 7 күн ичинде ала алат. Адегенде сүйүнчү пулду алуу мөөнөтү бир жыл, кийин алты ай деп көрсөтүлгөн. Эми алты айдан кийин арыз бергендерге акча берилбейт.

Буга чейин акча которуу убактысы 1-2 айга созулуп кеткендиктен нааразылыктар болгон. Ошондон улам бул маселе кайра каралып, жети күнгө кыскартылды. Азыр эми Мамлекеттик каттоо кызматына жазылган арыз аталган министрликке түшөр замат акча которулуп, сүйүнчү акчаны ата-энелер 2-3 күн ичинде ала баштады.

Сүйүнчү пул алуу үчүн арыз берүүчүнүн паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана банктык эсеби талап кылынат.

Жыл башынан бери 75 миң балага сүйүнчү пул берилип, бул үчүн республикалык бюджеттен 307 миллион сом бөлүндү. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкөдө 98 миң ымыркай жарыкка келген.

Жаңы төрөлгөн ар бир ымыркайга сүйүнчү акча берүү мыйзамы ушул жылдын башынан тарта ишке кирген. Анын өлчөмү төрт миң сом.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты