Кадамжайда кутурган карышкыр адамдарга тиш салды

Кадамжайда кутурган карышкыр адамдарга тиш салдыБаткендин Кадамжай районуна караштуу Кара-Жыгач айылын аралап кирип келген эки карышкыр беш кишини талаган. Окуя эки күн мурда, 23-октябрда болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен бүгүн кабарлашканга караганда, азыр карышкыр тиш салган беш адамдын төртөө ооруканада.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылдыктар карышкырдын бирөөн өлтүрүп алган. Аны текшерген учурда кутурманын белгилери аныкталган.

Дарыгерлер карышкырдын тиш салуусуна кабылып, ооруканага түшкөндөр кутурмага каршы вакциналарды алып жатканын жана көзөмөлдө турганын билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты