Өкмөт курамына эки жаш министр кошулду

Өкмөт курамына эки жаш министр кошулдуЖогорку Кеңеш бүгүн өкмөт эки министрликке сунуштаган талапкерлерди колдоп берген соң, ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков Улукбек Кочкоровду эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына, Азамат Жаманкуловду маданият, маалымат жана туризм министри кызматына дайындаган жарлыктарга кол койду.

Жарлыкка кол коюлгандан кийин вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына Улукбек Кочкоровду жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин борбордук аппаратынын эмгек жамаатына Азамат Жаманкуловду тааныштырды. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жаңы дайындалган министрлердин кесиптик тажырыйбасын белгилеп,  алардын  жетекчилиги астында  аталган мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө  жакшы жагына  өзгөрүүлөр болоруна ишенимин билдирди.

44 жаштагы Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында депутат болгон. Ага чейин салык кызматында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте иштеген. Былтыр президенттик шайлоодо талапкер катары чыгып, таасын программасы жана таамай сөздөрү менен көптүн көзүнө илинген.

31 жаштагы Азамат Жаманкулов 2015-жылдан бери аталган министрликтин жетекчисинин орун басары болуу менен бирге Туризм департаментин жетектеп келген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты