Өкмөт башчы Баткенде жаңы мектептерди ачты

Өкмөт башчы Баткенде жаңы мектептерди ачтыПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Баткен облусунда бир күндүк иш сапары менен болуп, анын алкагында орто мектептерди ачуу салтанатына катышты. Баткен районунун Көк-Таш айылындагы мектептин ачылышында өкмөт башчы быйыл пландаштырылган 150 мектептин ордуна 165 объект ишке берилерин айтты. Ошондой эле курулуп жаткан мектептер жаңы талаптарга жооп берерин жана анын ар бирине интернет кошуларын белгиледи.

Андан ары Лейлек районундагы Тогуз-Булак айылындагы орто мектептин ачылышына катышкан премьер: «Биз айылдагы билим берүү деңгээли шаардыкынан эч нерсеси менен айырмаланбоосуна жетишүүгө умтулабыз», — деди. Бул мектептер 225 окуучуга эсептелген. Ачылыш салтанатынан кийин жалпы билим берүү мекемелерине компьютердик жабдуулар берилди.

Өкмөт башчы Лейлек районунун 90 жылдык мааракесине да катышты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты