Мамкурулуш: Баткен облусунда жабыркаган жана кыйраган үйлөрдүн курулушу башталды

  • 2 года мурун

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Баткен облусу боюнча 638 турак жай жабыркаган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттинин директорунун биринчи орун басары Жолдошбек Абдыраев 14-октябрдагы маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 638 объекттин ичинен 421 турак үй жараксыз абалга келген. 217 үй оңдоп-түзөөгө муктаж.

Ошондой эле 23 социалдык объект, 12 мектеп, 8 бала бакча, эки ФАП жана дагы бир административдик имарат жабыркаган.

Абдыраев Баткен облусунда жабыркаган жана кыйраган үйлөрдүн курулушу башталганын билдирди.

“Биздин агенттик үйдүн долбоорун тандап, бекитти. Бир үйдүн аянты 91,6 чарчы метрди түзөт. Жыл бүткөнчө жабыр тарткан үйлөрдүн баарын куруп бүтүрүүгө аракет кылабыз. Бирок белгилеп кетсем, биздин агенттик үйлөрдү курбайт, ал менен подряддык уюмдар алектенет. Биз конкурс өткөрөбүз, аны жеңип алган курулуш ишканалары башка мекемелерди тартып, иш жүргүзөт. Биз аларды текшерип, көзөмөлдөп турабыз”, — деди ал.

Абдыраев жабыркаган үйлөрдү оңдоо жана курууга конкурс жарыяланганын айтып, аны утуп чыккан компания бир үйдү курууга 3 млн 315 миң сом суммасындагы бааны бекиткенин кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты