Бишкек — Ош жолундагы кырсыкта жети адам көз жумду

  • 2 года мурун

13-октябрда Бишкек – Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда “Мерседес-Бенц” жана “Хонда Стрим” унаалары сүзүшүп, кырсыктан жети адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки унаада жалпы тогуз жүргүнчү болгон. Эки жабырлануучу ооруканага жеткирилди.

Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты