Жогорку Кеңеш Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңеш Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин колдодуЭмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына сунушталган Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин бүгүн Жогорку Кеңештин 105 депутаты колдоп берди. Депутаттардын суроолоруна жооп берген Улукбек Кочкоров өкмөт башчынын бул сунушу күтүүсүз болгонун билдирди. Акырында ал бул кызмат жоопкерчиликтүү экенин белгилеп, эл өкүлдөрүнө колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Кочкоровдун талапкерлигин аталган кызматка 24-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөн.

44 жаштагы Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында депутат болгон. Ага чейин Салык кызматында, Финансы министрлигинде жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте иштеген. Былтыр президенттик шайлоодо талапкер катары чыгып, таасын программасы жана таамай сөздөрү менен көптүн көзүнө илинген.

Министрдин жана анын орун басарларынын орду 11-октябрдан бери бош турат. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөргө өзүм билемдик менен барган саякаттарын текшерүүнү сунуштагандан кийин Башкы прокуратура алар премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен чет жактарга бир нече ирет барганын ырастаган.

Ошол саякат чырынан кийин министр Таалайкүл Исакунова, орун басарлары Лунара Мамытова менен Жылдыз Полотова кызматтан кеткен. Анын алдында Түштүк Кореяда аэропортто болгон окуя үчүн министрдин дагы бир орун басары Зууракан Каденова кызматтан алынган.

Министрлер кабинетинин мүчөсү кызматтан алынып же отставкага кеткен учурда өкмөт башчы жаңы талапкерди Жогорку Кеңешке сунуштап, тийиштүү токтом чыккандан кийин президент үч күн ичинде жарлык чыгарышы керек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты