«Дарак ыры» Пусанда жогору бааланды

"Дарак ыры" Пусанда жогору бааланды

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

“Дарак ыры” мюзикли жакында Түштүк Кореянын Пусан шаарындагы Азиянын абройлуу кинофестивалында көрсөтүлдү. Алгачкы мюзиклди жараткан жубайлар, режиссер Айбек Дайырбеков менен продюсер Толкун Дайырбекова “Медиа Карьера” мектебине келип, жаш журналисттер менен фестиваль таасирлеринен бөлүштү.

Айбек Дайырбеков, режиссер: “Биз мындайды күткөн эмеспиз”    

—Түштүк Кореянын Пусан шаарындагы фестиваль кандай өттү?

—Кино фестивалга 79 өлкөдөн келген тасма катышты. Конкурстун шарты боюнча катышып жаткан кино “Дүйнөлүк бет ачар” болсо, ал тасма эч жерде, анын ичинде өз мекенинде да, көргөзүлбөшү талап кылынат. Ал эми “Дарак ыры” эл аралык бет ачарга катышты.

Мен сыйлаган, мыкты кытай режиссеру Чжан Имоу менен бир программада катыштык. Фестиваль дүйнө жүзүндөгү мыкты режиссерлерду чакырып, анын ичинен Азия режиссерлоруна, басым жасайт. Себеби, Пусан фестивалынын “Азиянын Канн фестивалы” деген макамы бар.

Буга чейин Москвадагы болуп өткөн фестивалга катыштык, Пусан фестивалы биз үчүн экинчи фестиваль. Ал эми Пусандан кийин ноябрь айынын аягында Таллинге “Европа бет ачарына” катышууга чакырып жатышат. Эми ал конкурска баралы деп жатабыз. Кореяга биринчи жолу барышым, уюштуруучулук жагынан жогорку деңгээлде экенине ынандым.

—Мюзикл кандай бааланды?

—Кудайга шүгүр, мыкты бааланды. Чындыгында биз мындайды күткөн эмеспиз. Бул дагы болсо эмгегибиздин баалангандыгы деп ойлойм.

—“Дарак ыры” жөн тасма эмес, мюзикл болгондуктан, чет эл кабыл алып, түшүнүшү кыйын болгон жокпу?

— Белгилүү кино сынчысы жазып чыккандай, 50-60 жыл мурда Голливудда тартылган мюзиклдарда окуя өзүнчө, ал эми музыка өзүнчө жашайт. Ал эми кийинки 10-15 жыл мурда тартылган мюзиклдарда ар бир ыр, окуяны түрткөн ырлар. Ал кинодон, драматургиядан өзүнчө жашаган ырлар эмес, окуянын ичинде.  Мисалы, “Дарак ыры” тасмасындагы ырларды алып салсак, ыр менен кошо окуя кесилип кетет.

Ал эми чет өлкөлүктөр тасманы кыргызча түшүнбөсө дагы титр менен оңой түшүнөт. Титрларды дагы кээ бир учурда толугу менен окуштун кажети жок. Акын Бактыгүл Чотуровага сценарийдеги сүйлөшүү, кара сөз түрүндө берип, андан поэзия жаратып берүүсүн суранганбыз. Тасмадагы ырлар ал эженин эмгеги. Кинофестивалда тасманы англис жана корей эки тилдүү титр менен бердик.

— Тасма тартып жатканда кандай кыйынчылыктар болду?

Кыйынчылыктар көп болду. Эң биринчи, сценарий көп убакытты талап кылды. Тасманы бир жылдан кийин шашпай тартайын деп ойлогом, бирок окуяны мюзикл катары элестетип көрсөм, бардыгы ирээтине келип калды. Ырларды жазууда да азап тарттык. Тасма тарыхый болгондуктан, алгач бир аз заманбап стилде болуп калып, аны кайра оңдоп чыгып, толук кандуу тасмага 3-4-вариантын койдук. Баш-аягы  600 сап ыр жазылган.

Окуя боюнча бак-дарак өспөгөн жайлоо болуш керек. Ошондуктан бийик жерге барууга туура келип, 2,5 миң метр бийиктиктен тарттык. Актерлорго дем жетпей, күйүгүү сыяктуу кыйынчылыктар жаралды. Эң чоң кыйынчылык акча каражаты десем болот, анткени баштап жатканда 150 миң долларга бүтүрөбүз деп ойлогонбуз, бирок андан көбүрөөк каражат сарпталды.

Толкун Дайырбекова:

“Дарак кыйылган жеринде кореялык көрүүчүлөр ыйлашты”

—Тасманы кыргызстандыктар качан көрө алат?

—Жогорууда айткандай, ноябрдын аягында Таллиндеги фестивалга катышмайынча, эч жерден көргөзгөнгө жана бет ачаар кылуга тыюу салынып, ошондуктан кинотеатрлдарда көрсөтүүдөн алынган. Декабрдан баштап кинотеатрларда көрсөтүлөт. Казакстан, Россияга жана дистрибьютердик компаниялар менен сүйлөшүүлөр болуп атат.

Анан кайра Кыргызстанга январь айларында келебиз. Ошондо кинонун орус тилиндеги дубляжы даяр болуп, кыргыз жана орус тилдеринде долби үн менен көрсөтүлөт.

—Кореялык көрүүчүлөр кандай таасир калтырды?

—Алар тасма башталарда эрте келип, орундарына жайгашып калган тартиби менен жакты. Эч ким эч нерсеге алаксыбай, телефон тургай, бадырак жебей, тынч олтуруп, аягына чейин отурушат экен. Фильмдин аягындагы титрлер токтогонго чейин залда калышып, тасманын жаратуучуларына ызаат көрсөттү. Режиссерго кол чабышып, көп адам суроо бергени таң калтырды. Айбектен кол тамга алалы деп кезек күтүп турушту.

Ал тургай, фильмдин жүрүшүндө дарак кыйылгандан тарта ыйлаган көрүүчү кыз, аягына чейин ыйлап көз жашы тыйылган жок. Биздин фильмдеги жаратылышка аябай кызыгышты. Табигат дагы окуялар менен бирге кайгырса кайгырып, кубанса кубанган сонун ажайып жер экен дешти. Буга чейин алар үчүн белгисиз болгон Кыргызстанга кызыгуусун жашырышган жок.

Жолугушуу маалында «Дарак ырына» жакшы пикирлер айтылды. Аларды англис, испан, корей жана кытай тилдерине которуп, тааныштырарын билдиришти.

"Дарак ыры" Пусанда жогору бааланды

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Айнура Жанышова  

Сүрөттө: Фильмден кадрлар. 

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты