Бишкекте төрт ымыркай сатылганы аныкталды

Бишкекте төрт ымыркай сатылганы аныкталдыБишкекте бала сатууга шектелген дарыгерлер тарабынан 4 ымыркай сатылганы аныкталганын ордо калаанын Ички иштер башкармалыгынан ырасташты.

Баш калаада жаңы төрөлгөн ымыркайлар сатылганы быйыл сентябрдын башында белгилүү болгон. Милиция Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген гинекологдор бала сатуу боюнча шектелип кармалганын 7-сентябрда жарыялаган.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кечээки маалымат жыйынында ымыркайларды сатуу фактысы боюнча жети медицина кызматкерине айып тагылганын, алардын алтоо тергөө, бири үй камагында экенин билдирген.

Ымыркай сатууга байланыштуу жалпысынан төрт кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда. Иш ноябрь айында сотко өтүшү ыктымал.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты