Таласта төө буурчак арзан болуп жатканына нааразылык чыгууда
- 6 лет мурун
- Иликтөөлөр
Быйыл төө буурчактын баасы өтө арзан болуп жатканынан улам таластык дыйкандар нааразылык акцияларына чыкканы жатканын бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков айтып чыкты. Анын айтымында, Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр болгону башка облустарды кыдырганы менен Таласка бир да жолу бара элек. Депутат президент Сооронбай Жээнбеков жакында Таластын Ак-Дөбө айылында төө буурчакты кайра иштетүү заводунун ачылышына катышканда ишкерлер бир килограммын 40-60 сомдон алабыз деп убада бергенин, бирок азыр баа 25 сом болуп жатканын кошумчалады.
“Төө буурчактын баасы күндөн күнгө төмөндөп отуруп, 25 сомго чейин түштү. Мындай баа 2011-жылы болгон. Мен акимдер менен да бат-бат сүйлөшүп жатам, баасы төмөндөп, бир да жерде албай, эл кыйналып, митингге чыкканы жатат», — деди депутат Рыскелди Момбеков.
Таластан келген соңку маалыматтарга караганда, быйыл баа чынында арзан, төө бурчактын бир килиограммы азыр орто эсеп менен сапатына жараша 30-45 сомдун тегерегинде.