Салима БАЛТАЕВА: “Жолдошум экөөбүз СМС аркылуу урушчубуз”

Салима БАЛТАЕВА: “Жолдошум экөөбүз СМС аркылуу урушчубуз”Мончоктой үч кызды тарбиялап, мукамдуу үнү менен элге кызмат кылып келе жаткан шайыр мүнөз, тамашакөй ырчы Салима Балтаева чыгармачылыгы жана үй-бүлөсү тууралуу сыр чечишти.

“Атама каршы чыгып…”
—Биз бала кезде айылдагы ар бир үйдүн короосунда радио жаңырып турчу. Радиодо ар үчүнчү күн сайын балдарга арналган берүүлөр болчу. Андан табышмак, жаңылмачтарды айтып турчу. Мен ди-джейлер каткан табышмактын жандырмагын туура тапкан элем. Аны эжем угуп калып радиого “Менин беш жаштагы сиңдим табышмагыңардын жандырмагын туура тапты” деп жообу менен жазып жиберген экен. Ошол каттан кийин радиодон: “Беш жаштагы Салима Балтаева биздин табышмагыбыздын жандырмагын алгачкылардан болуп туура тапты” деп айтса, элдин баары: “Калдыбайдын кызын радиодон айтты” деп сөз кылышкан. Ал кездеги менин сүйүнгөнүмдө, толкунданганымда сөз жок эле. Ошол кичинекей нерсе мага стимул болгон. Атам мугалим болушумду каалады. Бирок көгөрүп отуруп атамдын каршы болгонуна карабай, борборубуздагы Искусство институтуна тапшырып, өтпөй калдым. Башка музыкалык окуу жайларга да тапшырып, өтпөй, акыры  Опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студияга өтүп кеттим. Үйдөгүлөргө окууга өттүм десем атам: “Койчу эй кызым, ошол окууңду, ууу-уу деп улуйсуңбу” деп шылдыңдаган эле.

Салима БАЛТАЕВА: “Жолдошум экөөбүз СМС аркылуу урушчубуз” “Филармониядагы маянам машинамдын бензинине да жетпейт”
—2005-жылдан тарта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында эмгектенип келем. Бул жылдардын аралыгында мекемеде эмгектенген чыгармачыл адамдардын арасынан кандайдыр бир интриганы сезе элекмин. Тескерисинче, жакшылык, жамандыктарда катышып, убактыбыздын аздыгына карабай майрамдарды чогуу өткөргөнгө аракет кылабыз. Ар бир адам бир нерсени ар башкача көрүп, талкуулай алат да. Менин жеке пикиримде, филармония интригасы жок мекеме. Бирок бул жерден алган айлык маянам бир айлык бензиниме да жетпейт. Кудайга шүгүр, той-топурларга барып кызмат кылам.

“Жолдошум экөөбүз кеч киргенин байкабай…”Салима БАЛТАЕВА: “Жолдошум экөөбүз СМС аркылуу урушчубуз”
—Кимдир бирөөгө өмүрлүк жар болуп, эне деген статуска ээ болуу бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жолдошум Мамат экөөбүз 2003-жылы курбу кызым аркылуу таанышканбыз. Таанышкан күнү түшкү тамакка чакырганда баргам. Ал жерде сүйлөшүп отуруп кантип кеч кирип кеткенин байкабай калыптырбыз (күлүп). А кезде мен: “Турмушка чыкпай, ырчы болуп карьера жасайм” деген абалга жетип калгам. Көрсө, үй-бүлө аялзатына да, эркекке да аба менен суудай керек экен. “Кыз сүйсө калат, жигит сүйсө алат” деген таамай айтылган сөз экен. Мен кантип турмушка чыгып калганымды байкабай калдым (күлүп). Жолдошум экөөбүз кафеде отургандан кийин ал менин телефон номеримди алып, бир туугандарым менен таанышып, аябай аракет кылды. А кезде мен турмушка чыгам деп ойлобоптурмун. Бардыгы ушунчалык тез, кыска убакыттын ичинде болуп кетти. Мисалы, жай айында таанышсак, бир жылдан кийин баш кошконбуз. Азыр үч кызыбыз бар. Улуусу  Сайкал 6-класста, ортончу кызым Сумая 2-класста окуйт. Кичүү кызым Сабина бала бакчага барат. Кыздарымды атасы өзүнө окшоштуруп коет. Ал эми кичүү кызым Сабинаны өзүмдүн бала кезиме окшоштурам. Жолдошум ар бир кызым төрөлөрдө “эркек болот” деп аябай күтчү. Кийин кыз төрөлгөндө “кыздар жакшы болот да” деп чын дилинен сүйүндү.

Талашып-тартышып, бир чечимге келгенбиз
—Жолдошум экөөбүз баш кошкондон кийин: “Чыгармачылыгыңды таштап, балдар менен үйдө эле отурбайсыңбы? Фамилияңды өзгөртпөйсүңбү?” деген сунуштары болгон. Бул суроолордун айланасында жолдошум экөөбүздүн ортобузда талаш-тартыштар жаралбай койгон эмес. Акыры бир чечимге келгенбиз. Бирок бир чечимге келгенден мурда ортодо бири-бириңе болгон сый-урмат болуш керек. Инсан катары ал сенин оюңду да баалай билиш керек деп ойлойм. Негизи биз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн кезде эле “Мен чыгармачылыгымды эч убакта таштабайм. Чыгармачылык деп Алайдан Бишкекке келип окугам” деп айтчумун. Жолдошум аябай тамашакөй адам. Тамашакөйлүгү менен мени арбап алса керек да (күлүп).

Бири-бирибиз менен сүйлөшпөй коебуз
Салима БАЛТАЕВА: “Жолдошум экөөбүз СМС аркылуу урушчубуз”—Бир үй-бүлө болгон соң ортодо таарынычтар болбой койбойт. Келип чыккан таарынычтардан улам “төркүнүмө кеттим” деп Алайга кетип кала албайм да. Мисалы, жолдошум экөөбүз таарынышып кеткенде экөөбүз тең бири-бирибиз менен сүйлөшпөй коебуз (экөөбүз тең көк бетпиз да). Сүйлөшпөй жүрүп кайсы бир жумуш тууралуу бири-бирибиз менен сүйлөшүүгө мажбур болуп, акыры балдар аркылуу сүйлөшүп кетебиз. Мурда бири-бирибизге СМС аркылуу кат жазышып урушчубуз. Кийин кат аркылуу деле урушпай калдык. Бири-бирибизге сүйлөбөй койгондун жакшы жагы бири-бириңе көңүл калтыраарлык сөз айтышпайт экенсиң. Ооба, сүйлөшпөй жүргөндө жиниң келип, туталанып кетесиң. Бирок ал убакыт өтүп кеткенден кийин, эч нерсе болбогондой жеңилдеп каласың.

Кээде балдарыңа аз убакыт бөлүп каласың
—Бул жашоодо убакыттын аздыгы мени аябай өкүнтөт. Кээде балдарыңа аз  көңүл буруп, чыгармачылыгыңа убактың тар болуп калышы ыктымал. Айрым учурда ушул эле көрүнүш тескерисинче болуп калат. Бирок балдарым адамга тийиштүү бардык жакшы сапаттарга ээ болушуна аракет кылабыз. Биз ата-энебизден кандай тарбия алсак, ошол тарбияны балдарыбызга беребиз да. Кээде какыс-кокус кылып койгон учурларым деле болот.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты