Клинтондор жана Обамага бомбага окшош нерсе жиберишти

Клинтондор жана Обамага бомбага окшош нерсе жиберишти

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Билл жана Хилари Клинтондордун үйүнө, ошондой эле Барак Обаманын офисине белгисиз адамдар бомбага окшогон нерсе жиберишкен.   

АКШнын экс президенти Билл Клинтон менен президенттикке талапкер болгон Хилари Клинтондун үйүнө жана экс президент Барак Обаманын офисине белгисиз адамдар 23-октябрда эртең менен бомбага окшогон шектүү нерсени жиберишкендиги маалым болду.

Полициянын айтуусуна караганда, ал бомбага окшош нерсе болгон. Андай бомбаны эки күн мурда америкалык айтылуу финансист Жорж Сороско да жиберишкен.  Тилекке жараша, ал учурда Сорос үйүндө жок болгон.

Бул тууралуу The New York Times басылмасына таянып, НТВ каналы билдирди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты