75 миң балага сүйүнчү пул берилди

75 миң балага сүйүнчү пул берилдиКыргызстанда жыл башынан бери 75 миң балага сүйүнчү пул берилгенин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти. Бул үчүн республикалык бюджеттен 307 миллион сом бөлүндү.

Жаңы төрөлгөн ар бир ымыркайга сүйүнчү акча берүү мыйзамы ушул жылдын башынан тарта ишке кирген. Анын өлчөмү төрт миң сом.

Сүйүнчү алуу үчүн наристе төрөлгөндөн кийинки 6 ай аралыгында арыз берилиши керек. Андан кеч калгандарга акча берилбейт. Сүйүнчү акчага арыз берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана банктык эсеп болушу шарт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты