Сойку ээрчиткендер эми саунага кире албайт

Сойку ээрчиткендер эми саунага кире албайтКошуна Тажикстанда мейманкалар менен жуунуп-эс алуучу жайларга барган түгөйлөр эми нике күбөлүгү көрсөтүлгөндөн кийин гана киргизиле турган болду. Мындай жайлардын ээлери жогору жактан ушундай буйрук түшкөндүктөн аны аткарууга аргасыздыгын айтууда.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы да ушундай эреже киргизилгенин ырастап, мындай чечим сауналардын сойкуканаларга айланышына жол бербеш үчүн кабыл алынганын билдирди. Ушундай эле эскертүү мейманканаларга да берилген.

Тажик коомчулугунда мындай жаңы жөрөлгөгө каршы чыккандар да, колдогондор да бар. Колдогондор бул тажик салт-санаасы менен ислам динине туура келерин айтса, каршылар бул адамдын жеке укугун бузууга жатарын, ар бир адам ким менен кантип эс алууну өзү билерин жүйө келтирүүдө.

Тажикстанда былтыр интимдик кызмат көрсөткөн 288 жай аныкталган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты