Баткен облусун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү

  • 2 года мурун

Баткен жана Ош облустарында Тажикстандын куралдуу кол салуусунун натыйжасында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи отуруму өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында калыбына келтирүү иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан биринчи кезектеги чаралар, куралдуу кагылыштын натыйжасында каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү, чарба субъекттерине келтирилген зыянды баалоо жана аларга компенсация төлөп берүү, ошондой эле кыйраган жана жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү маселеси каралды.

Отурумдун жыйыныгында Финансы министрлигине калыбына келтирүү жана жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү боюнча чараларды ыкчам тартипте каржылоо тапшырмасы берилди.

Профилдик түзүмдөргө үйлөрү жабыркаган жана капиталдык оңдоого муктаж жарандарга эки этапта 300 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды атайын эсептен бөлүп берүү тапшырмасы берилди. Үйлөрү жабыркаган, бирок капиталдык оңдоого муктаж үйлөрдүн категориясына кирбей калган жарандарга 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө республикалык бюджеттен бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө чечимдин долбоорун кыска мөөнөттүн ичинде президенттин администрациясына киргизүү тапшырмасы берилди.

Ведомствого ошондой эле Баткен жана Лейлек районунун тургундары үчүн социалдык жөлөкпулдарды эсептөө тартибин жөнөкөйлөштүрүү тапшырмасы берилди.

Экономика жана коммерция министрлигине 10 күндүк мөөнөттө жабыр тарткан ишкер субъекттерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө токтомдун долбоорун толуктап иштеп чыгуу жана президенттин администрациясына киргизүүсү тапшырылды.

Энергетика министрлигине электр энергиясын үзгүлтүксүз берилишин камсыздоо жана чек арага жакын жайгашкан айылдардагы жабыркаган үй-бүлөлөрдү бекер көмүр менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

Тиешелүү ведомстволорго Ак-Сай жана Чоң-Талаа айылдарындагы жалпы билим берүү мектептерин коопсуз аймактарга куруу боюнча тапшырмалар берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты