“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын экинчи туруна 135 миң адам катышууда

  • 2 года мурун

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын экинчи туруна 11,7 млн лотереялык ID-билет менен 135 миң 432 адам катышууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, лотереянын катышуучулары «Салык чек» тиркемесине жалпы 11 млрд 970,4 млн сомдук кассалык чектерин киргизишкен.

Салык кызматы уюштуруп жаткан “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын экинчи туру бүгүн, 1-октябрда саат 16:00дө ойнотулат.

Экинчи турда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 1 автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон жана 16 даана ар кандай тиричилик техникалары ойнотулат.

Иш-чара «Ала-Тоо 24» телеканалында жана Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты