ӨКМ: Баткенден эвакуацияланган 123 миңден ашуун тургун үйлөрүнө кайтып келди

  • 2 года мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Баткен облусунда Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин жүрүп жаткан калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, калыбына келтирүү иштерине ӨКМден 205 жеке курам, 41 атайын техника жана жергиликтүү бийликтен 29 техника тартылган.

ӨКМ билдиргендей, учурда жалпы 111 турак үй бузулуп, курулуш таштандылары тазаланды.

Жаңжал учурунда жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын 123 637си өз үйлөрүнө кайтып келишти. Ал эми учурда жергиликтүү бийлик тарабынан үйлөрү жашоого жараксыз болгон жарандарга жалпы облус боюнча 8 мекеме, 64 бөлмө, 218 жеке жарандардын үйлөрү даярдалган.

Жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиялары Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы 640 үй жабыркаган болсо, анын 423ү жашоого жараксыз, 217си оңдоп-түзөөгө муктаж экенин аныктады. Ошондой эле 11 административдик объект, 8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП, 335 сарай, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объект талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты