Украина НАТОго шашылыш тартипте кирүүгө арыз берди

  • 2 года мурун

Украинанын президенти Владимир Зеленский 30-сентябрда Түндүк атлантикалык аскердик уюмуна (НАТО) шашылыш тартипте кирүүгө арыз бергенин жарыялады. 

Бул тууралуу ал Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин отурумунан кийин жарыялаган видео кайрылуусунда билдирди.

“Де-факто биз НАТОго кирүүчү жолду басып өттүк. Де-факто биз Түндүк атлантикалык уюмдун стандарттарына шайкеш келерибизди далилдедик. Алар Украина үчүн реалдуу – согуш талаасында жана биздин өз ара кызматташуубуздун бардык аспектилеринде реалдуу. Биз бири-бирибизге ишенебиз, бири-бирибизге жардам берип жатабыз жана бири-бирибизди коргоп жатабыз. Ушунун өзү Түндүк атлантикалык уюм. Де-факто. Аны де-юре ишке ашыруу үчүн бүгүн Украина арыз берет. Баары биздин коомчулугубузду коргоо үчүн маанилүү процедурага ылайык жүрөт. Ыкчамдатылган тартипте. Биз Украинанын НАТОго шашылыш түрдө кирүү арызына кол коюу менен биз өзүбүздүн кадамыбызды жасадык”, – деди ал кайрылуусунда.

Мунун алдында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшту. Анда сүйлөгөн сөзүндө Путин аталган төрт облусту Киевге эч качан кайтарбай турганын айтты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты