Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнүна карата кыргызстандыктарга куттуктоо жолдоду.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда кыргыз элинде кылымдардан бери көкүрөгүнө салт-санааны уютуп, келечекти көөдөн менен туюп билген карыларын аздектеп, урматтап келген улуу нарк бар экени айтылат.

«Биздин милдет – тарыхый, маданий, руханий баалуулуктарды кылдаттык менен сактап келишкен улуу муундун өкүлдөрүнө татыктуу жашоо шарттарын түзүү, алардын коомго активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүү. Бул багытта быйыл биз пенсияларды жана социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн кыйла жогорулаттык. Кадырман карыларыбыздын узак жана сапаттуу жашоосун камсыз кылууга күч-аракетибизди жумшап жатабыз. “Карыны сыйласаң абийир табасың” деген накыл кеп бар. Биз баарыбыз улгаябыз, карылык ар бирибиздин башыбызда. Карыларыбызга кам көрсөк, ал Кудайдан кайтат», — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.

Президент ошондой эле карыяларды жаш муундарга жол көрсөтүп, аларга руханий жана адеп-ахлактык тарбия берип турууга чакырган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты