Алмазбек Атамбаев менен бир учакка түшүп калсаңыз, ага эмне дейт элеңиз?

Алмазбек Атамбаев менен бир учакка түшүп калсаңыз, ага эмне дейт элеңиз?Нариман Түлеев менен Алмазбек Атамбаев жакында бир учакта жолугуп калышты. Адегенде Түлеев Атамбаевди артынан сүрөткө тартып,  экс-президент менен учурашпаганын, аны жаман көргөнүн жазып чыккан. Андан көп өтпөй кайра жолугуп, чогуу отуруп сүйлөшкөндөрүн жазды.

Ошондон улам, Атамбаев президент кезинде ага оппонент болуп тургандарга: «Алмазбек Атамбаев менен бир учакта болуп калсаңыз, ага эмне дейт элеңиз?» деген суроо узаттык.

Дина Маслова,  “Кактус” медиасынын редактору:

“Ойлонбой иш-аракет жасадыңыз демекмин”   

Алмазбек Атамбаев менен бир учакка түшүп калсаңыз, ага эмне дейт элеңиз?

 —Ага айткым келгендердин баарын айтууга бир нече саат керек го. Эң биринчи анын айланасындагы адамдар ага маалыматты болушунча бурмалап бергенин айтмакмын. Ошолорго ишенип, ойлонбой иш-аракеттерди жасадыңыз демекмин. Айланасына топтогон адамдар жөнүндө да айтмакмын. Ошондой эле, эмне үчүн анын имиджи мынчалык жаман экенин түшүндүрмөкмүн.”

Дайырбек Орунбеков, журналист:

“Түлеевге окшоп, аны менен ажатканага да барбайм” деген эмесмин”

Алмазбек Атамбаев менен бир учакка түшүп калсаңыз, ага эмне дейт элеңиз?

—Мен 2017-жылы шайлоо күнү пикиримди айткам. Экс-презиндентке ден-соолук каалап, алдыдагы жумуштарына ийгилик каалагам. Ошондо, мындан кийин экс-президентти сындагандар көп болоорун, буга чейин коркуп жүргөндөрдүн үнү чыгаарын айткам.

Ал президент болуп турганда ачык сын  айтканбыз. Бирок, ал отставкага кеткенден кийин кадыр-баркына шек келтире турган сын жазган жокмун.

Эгерде, ошентип жолугуп кала турган болсок, буга чейин сындап жүргөн эле сөздөрдү, сөз эркиндигине басым болгонун айтмакмын. Анан кадимкидей эле учурашып коймокмун.

Бирок, Нариман  Түлеевге окшоп, “аны менен ажатканага да барбайм, автомат менен алдынан тосуп чыгам” деп да айткан эмесмин. Түлеев ошончо муштумун түйүп, кекенген сөздөрүн маалымат булактарына чыгаргандан кийин, өзү барып, жырталаңдап сүрөткө түшүп жарыялабашы керек болчу. Канткен күндө да жигиттик намысын карманышы керек эле. Мен анысын туура көргөн жокмун.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер:

“Адам боюнча калууну унутпасак…”

Алмазбек Атамбаев менен бир учакка түшүп калсаңыз, ага эмне дейт элеңиз?

—Чынын айтсам,  Нариман Түлеевдин таландыга, тепкиге алынганына абдан таң калдым. Мен дагы бул суроону ойлонуп аткам.

Мен эмне кылмакмын? Албетте, жолукканда жаман болмокмун, жаман көрмөкмүн. Кемеге түшкөндөрдүн жаны бир дегендей,учакта чогуу бараткандан кийин, албетте, учурашасың. Мен дагы ошентип барып учурашмакмын. Эгерде, ал кишинин убактысы болсо, ага ыңгайлуу болсо, сүйлөшмөкмүн. Анын үстүнө айта турган да, уга турган да сөздөр бар. Анан дагы, саясий оппонет болуп, душман болгон күндө да, “Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт” дегендей,  кыргыздын этикасын сакташ керек да. Бири-бирибизди канчалык сындап, жамандасак да, адам болуп калганды унутпашыбыз керек.

Равшан Жээнбеков, саясатчы:

Алмазбек Атамбаев менен бир учакка түшүп калсаңыз, ага эмне дейт элеңиз?—Андай тема мени кызыктырбайт.

Суроо салган Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты