Кадамжайда каракчылар көмгөн машина табылды

Кадамжайда каракчылар көмгөн машина табылдыУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери кылмыштын изин жашыруу үчүн жерге көмүлгөн автомашинаны таап чыкты. УКМК бүгүн тараткан  маалыматка караганда, машина ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Баткендин Кадамжай районундагы Боз айылына жакын жерден табылды. Ал үч метр тереңдикте көмүлгөн экен. Аны 2015-жылы Сирия жана Ирактагы согушкерлерди каржылоо үчүн акчалуу адамдарды карактап жүргөн террордук уюмдун мүчөлөрү көмүп салган.

УКМКнын билдиришинче, автомашина 2015-жылдын апрель айында карактоо учурунда колдонулган. Ошол учурда Ош шаарынын тургунуна кол салып, анын 1 миллион 300 миң долларын тартып алган окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, бирок кайра жабылган эле.

Унаанын табылышы менен аталган кылмыш ишин тергөө кайра жанданды. Учурда ошол ишке катыштыгы барларды аныктоо максатында УКМК жана ИИМ өкүлдөрүнөн турган атайын топ түзүлдү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты