Өткөн жылы Акыйкатчыга 13 миңдей адам кайрылган

Өткөн жылы Акыйкатчыга 13 миңдей адам кайрылган

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жогорку Кеӊеште Акыйкатчы Токон Мамытов 2016-2017-жылдары Кыргызстанда  адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө баяндама жасады.

Акыйкатчынын айтымында, 2017-жылы Акыйкатчынын борбордук аппаратына 12881 адам кайрылган. Айрыкча сот чечимдерине, мамлекеттик кызматкерлерлерге, бийлик органдарына,  бюрократияга нааразы болгондор, укук бузуулар,  кыйноолорго жана башка ырайымсыз мамилелерге каршы, басмырлоо ж.б. маселелер менен кайрылышууда.

2017-жылы Акыйкатчы тарабынан  сегиз атайын баяндама даярдалган. Алар: жарандардын таза сууга жана санитарияга укуктары, улгайган адамдардын укуктары жана кодулоосуз жашоо, эмгек мигранттарынын укуктары,; кароосуз жана жетим  балдардын укуктары ж.б.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты