Мамкурулуштун мурдагы жана учурдагы кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Мамлекеттик курулуш комитетинин мурдагы жана учурдагы кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик курулуш комитетинин жооптуу адамдары Улуттук онкология жана гематология борборунун жаңы имаратын куруу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн подрядчы тандоодо сынак өткөрбөстөн, башкармалыктын жооптуу кызматкерлери туунду подрядчы менен 340 млн сомго келишим түзгөн. 

Ошондой эле бүткөрүлгөн иштин көлөмүн иш жүзүндө кабыл албастан, бүтпөгөн иштерге акы төлөөдө көрсөтүлгөн фактылар жана башка финансылык тартипти бузуулар аныкталган. Курулуш экспертизасынын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 13,5 млн сомду түзгөн.

Аталган фактынын негизинде 27-сентябрда Мамкурулуштун мурдагы директору А.Б.А., департаментинин директорунун орун басары К.Ж.К., башкы бухгалтер Ч.Б.Ж., техникалык көзөмөл боюнча инженери Н.Н.Ж. кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

29-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту А.Б.А. катуу ооруп калганына байланыштуу аны үй камагына чыгарды.

Башка айыпталуучулар бир айга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты